Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга район акими Чынгыз Бапаев, коллегия мүчөлөрү, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибине “Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын I кварталына коюлган милдеттер жөнүндө” маселе каралды.

Күн тартибиндеги маселе боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шерикбай Жапанов жана акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылга аткарылуучу негизги иштер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар коюлду. Талкуунун жыйынтыгында токтом кабыл алынып, анын аткарылышы жооптуу жетекчилерге жүктөлдү.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы