Алай районуна эл аралык уюм жана Жогорку Кеңеш депутаты иш сапары менен келишти

499983179 1105754358058835 2567863798274891515 n

2025-жылдын 25-май күнү Алай районуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Оразгелди Гучгельдиев иш сапары менен келишти.

Конокторду Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Чынгыз Бапаев тосуп алып, Курманжан Датка музейинде уюштурулган көргөзмөгө жана маданий иш-чарага катышышты. Иш сапардын алкагында айыл чарбаны өнүктүрүү, билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан соң делегация №67 кесиптик лицейге барып, билим берүү мекемесиндеги шарттар менен таанышышты.