Алай районунда аппараттык жыйын өткөрүлдү

Алай районунда жетекчилердин, айыл өкмөт башчыларынын жана билим берүү мекемелеринин директорлорунун катышуусунда кезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Чынгыз Бапаев бүтүрүүчү класстардын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө жана жалпы мамлекеттик аттестациялоого даярдоо, ошондой эле акыркы коңгуроо салтанатын коопсуз жана жоопкерчиликтүү өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Бул багытта коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү мекемелерге, ички иштер бөлүмүнө жана мектеп администрацияларына так тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жыйында:

  • «Кыргызпочтасы» ААК Алай филиалынын ишмердүүлүгү,
  • Калкты жайлоого өз убагында көчүрүү боюнча иштер,
  • Эпизоотиялык кырдаал жана ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча райондук ветеринардык башкармалыктын маалыматы угулуп, тиешелүү талкуулар жүрдү.