Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 12-мартындагы №16/49 буйругунун негизинде 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин район аймагында жалпы ишембилик уюштурулууда.
Аталган ишембиликтин алкагында айыл өкмөттөрүнүн жана Гүлчө мэриясынын башчылары, кызматкерлери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жамааттары активдүү катышып, Гүлчө шаарынын жана айыл аймактарынын ички жолдорун, арыктарын жана мекемелердин айланасын тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Тазалыкка болгон бирдиктүү кадам – жашообуздун көркүн арттырат.
__________________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




