...

Алай районунда жаңы социалдык объекттер пайдаланууга берилди

Бүгүн, Алай районунун Гүлчө айыл аймагында бир катар жаңы социалдык объекттердин ачылыш аземи болуп өттү.

Кум-Шоро айылында АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында ОсОО “Аист-Строй” курулуш компаниясы тарабынан 9 бөлмөлүү, заманбап шарттары бар жаңы эмкана курулуп, пайдаланууга берилди.

Ал эми Кара-Суу айылында жайгашкан №20 Ш.Айткулов атындагы бала бакчада республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган жаңы актовый залдын ачылышы болуп өттү.

Иш-чараларга Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, райондук мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.