Алай районунда кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

2025-жылдын 22-май күнү Алай районунун экономикасын өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөр Жибек-Жолу жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө уюштурулуп, анда райондо асфальт-бетон заводу (АБЗ), технопарк жана логистикалык борбор куруу боюнча сунуштар каралды.

Бул долбоорлор келечекте район экономикасына олуттуу салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.