Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Алай райондук спорт мектебинин календардык планынын негизинде уюштурулган облустук деңгээлдеги кыздар арасында волейбол мелдеши өткөрүлүүдө.
Аталган мелдеш Аданбаев Темирлан Кыялбековичтин атынан 22 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп, жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга, сергек жашоо образын калыптандырууга жана райондор аралык достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп келет.
Бүгүн өтүп жаткан мелдешке Ош облусунун райондорунан келген кыздар арасындагы 12 команда катышып, волейбол боюнча күч сынашууда. Оюндар жогорку деңгээлде, атаандаштык маанайда өтүүдө.
Мелдештин ачылыш аземине Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Болбур уулу Алтынбек, Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Камалов Айбек Өскөнович, райондордон келген машыктыруучулар, Алай спорт мектебинин жамааты катышышты.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы





