Алай районунда Энелер күнү белгиленди

2025-жылдын 18-май күнү Алай районунда “Энелер күнү” белгиленип, ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Чыңгыз Бапаев, айыл өкмөт башчылары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аким өз куттуктоосунда энелердин коомдогу орду, эмгеги жана үй-бүлөдөгү ролу тууралуу сөз кылып, төмөнкүдөй ойлорду бөлүштү:

«Жадыраган жаздын күнүндө, майрамдарга толгон май айында, Энелер күнү – бул өзгөчө толкунданууну жараткан майрам. Биз дайыма апаларыбызды сыйлап, кадырлап жүрүүгө милдеттүүбүз. Апалардын камкордугуна жараша инсан катары калыптандык. Энелер үчүн биз ар дайым бала бойдон калабыз», – деп белгиледи район жетекчиси.

Салтанаттын соңунда энелер район жетекчисине ак баталарын берип, ыраазычылык билдиришти.