Алай районунун башчысы-аким Адыл Сапаров Жаңы-Алай айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Адыл Сапаров райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Жаңы-Алай айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүнүн маселелерин көтөрүп, сунуш-пикирлерин айтышты. Район башчысы көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, айрым маселелерди чечүү жолдору талкууланды.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында социалдык объектилерди кыдырып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы