Урматтуу Алай районунун тургундары!
Мен сиздер менен бирге 2 жыл 2 ай убакыт аралыгында эмгектендим. Бул мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтер, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары жана район тургундары менен биргеликте бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылдык.
Анын алкагында мектептерди жана бала бакчаларды оңдоо, муниципалдык ишканаларды өнүктүрүү, туристтик борборлорду түзүү, муниципалдык логистиканы жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле айыл ичиндеги көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, таза суу долбоорлору ишке ашырылды.
Мындан тышкары, Алай районунан чыккан бир катар ишкерлер менен кызматташып, район аймагына инвестиция тартуу багытында да иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле улуу тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Гүлчө калктуу конушуна шаар макамы берилип, Гүлчө шаары түзүлгөнү да жалпы район үчүн маанилүү жетишкендиктердин бири болду.
Даткалар чыккан касиеттүү Алай районуна ак эмгегим менен кызмат кылганым үчүн сыймыктанам. Элибизде жана жерибизде өнүгүү, өсүү болуп, ынтымак-ырашкерчилик ар дайым бекем болсун деп тилейм.
Касиеттүү Алай районунун тургундары, сиздер менен дайыма сыймыктанам. Мындан ары да жалаң жакшылыктарда жолугуп турууну Аллах Таала насип этсин.
Белгилей кетсем, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалдым.
Урматым менен,
Бапаев Чынгыз Арстанбекович

