...

БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИ ӨТӨТ

banneran

Алай райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү” бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 16-май күнү, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында “Бош жумуш орундар жана кесиптер” жарманкеси өткөрүлөт.

🔹 Башталышы: саат 10:00
🔹 Орду: Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аянтчасы

Жарманкенин максаты:
– Жумушсуз жарандарга жана бүтүрүүчүлөргө жумуш сунуштарын тартуу
– Мекеме-ишканалар менен байланыш түзүү
– Кесиптик багыт берүү

📌 Кимдер катыша алат?
– Орто мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары
– Кесиптик лицейдин студенттери
– Жумушсуз жарандар
– Жергиликтүү мекеме-ишканалар жана жумуш берүүчүлөр

Бардык каалоочуларды катышууга чакырабыз!

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.