Бүгүн, Памир-Алай айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев менен биргеликте айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар катышкан иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган төрт заманбап техниканын ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Алар:

🔹 Zoomlion RN1104 үлгүсүндөгү трактор;

🔹 XCMG XE150WB үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү экскаватор;

🔹 XCMG GR1905T үлгүсүндөгү автогрейдер;

🔹 Таштанды чыгаруучу автоунаа.

Бул техникалар айыл аймагындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого, коммуналдык кызматтарды жакшыртууга жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Талды-Суу айылындагы Кызыл-Суу дарыясынын үстүнө жаңыдан курулган көпүрөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көпүрөнүн узундугу 54 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.

Көпүрөнүн негизги максаты — айыл тургундарынын коопсуз каттамын камсыз кылуу, жайыттарды жана айыл чарба багытындагы аймактарды пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы