Жарандык коргонуу боюнча машыгууга даярдык талкууланды

Ош облусунун Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, 2026-жылдын 25–26-март күндөрү Алай районунун аймагында облустук деңгээлдеги комплекстүү райондук машыгуу өткөрүлөт.

Аталган иш-чарага даярдык көрүү максатында, 2026-жылдын 11-март күнү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сапаров Адыл Солтоевич Жарандык коргонуунун башчысы катары жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Алай районунун Жарандык коргонуунун кызмат башчыларына, Гүлчө шаарынын мэрине жана айыл аймактардын айыл өкмөт башчыларына машыгууну жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Айыл чарбасын тейлеген мекеме-ишканалардын жетекчилери менен атайын жыйын өтүлүп, аларга айыл аймактарында түзүлгөн муниципалдык ишканалардын иштерин жандандыруу, ал үчүн жайыт, таза суу жана тазалык ишканаларынын өздүк кирешелерин артыруу аркылуу жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, малдын санынан сапатка өткөрүү максатында асылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы