ИШКЕРЛЕР ФОРУМУ – 2026

“Алайды бирге өнүктүрөлү!”

Алай районунда ишкерлерди, инвесторлорду жана өнүгүүгө кызыкдар тараптарды бириктирген ири форум өтөт. Форумдун негизги максаты — аймактагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштыруу, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү, жаңы бизнес долбоорлорду колдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү.

Форумдун алкагында:

  • Айыл чарба жана өндүрүш тармагындагы мүмкүнчүлүктөр;
  • Туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор;
  • Инвестиция тартуу механизмдери;
  • Ишкерлер үчүн пайдалуу кызматташтык жана тажрыйба алмашуу талкууланат.

📅 Өтүү күнү: 2026-жылдын 15-майы
🕙 Убактысы: саат 10:00
📍 Дареги: Ош облусу, Алай району, Гүлчө шаары, Курманжан Датка көчөсү №24/1 (ЦОН)

📞 Байланыш номерлери:
0772 16 25 60
0778 97 95 38