Калк жана айылдар

Жалпы маалымат

2025-жылдын 1-январына карата Алай районунун калкынын саны 92 673 адамды түзөт, анын ичинен:

  • аялдар — 46 243,
  • эркектер — 46 430.

Калктын улуттук курамы: 99,9% — кыргыздар.


Административдик-аймактык түзүлүш

Райондун аймагында 7 айылдык аймак бар, алардын курамында жалпы 62 айыл жайгашкан.

Памир-Алай айылдык аймагы

Сары-Таш, Көк-Суу, Нура, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол

Үч-Дөбө-Алай айылдык аймагы

Сопу-Коргон, Терек, Таргалак, Аскалы, Көлдүк, Чий-Талаа, Жерге-Тал, Ак-Жай, Гежиге, Кичи-Каракол, Чоң-Каракол, Кызыл-Алай, Ак-Босого

Жибек-Жолу айылдык аймагы

Кошулуш, Кичи-Бүлөлү, Көл-Чаты, Чоң-Бүлөлү, Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин

Гүлчө айылдык аймагы

Октябрь, Кайнама, Кара-Суу, Кум-Шоро, Тамга-Терек, Оро-Дөбө, Таш-Короо, Кара-Булак, Жылы-Суу, Курманжан Датка, Чакмак

Курманжан Датка айылдык аймагы

Кабылан-Көл, Күңгөй, Кара-Жыгач, Курулуш, Боз-Караган, Жар-Кыштак, Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Кызыл-Ой

Тилектеш айылдык аймагы

Коммунизм, Ленин-Жол, Жаңы-Турмуш, Кара-Токту, Миязды, Орто-Суу, Осоавиахим, Аюу-Тапан, Биринчи Май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал

Жаңы-Алай айылдык аймагы

Жаңы-Алай, Жаңы-Арык


Калктын жайгашуусу жана өзгөчөлүктөрү

Район тоолуу болгондуктан, айылдар ар кайсы бийиктикте жана бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан.

Эң алыскы айыл райондун борбору Гүлчө айылынан 270 км аралыкта жайгашкан. Айрым четки айылдардын бири-биринен аралык 380-400 км ге чейин жетет.


Айылдык аймактар боюнча калктын саны

Айылдык аймак Калкы
Жаңы-Алай айылдык аймагы 4 876 адам
Жибек-Жолу айылдык аймагы 10 326 адам
Гүлчө айылдык аймагы 22 566 адам
Курманжан Датка айылдык аймагы 10 059 адам
Тилектеш айылдык аймагы 14 659 адам
Памир-Алай айылдык аймагы 11 702 адам
Үч-Дөбө-Алай айылдык аймагы 18 485 адам