Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бапаев Чыңгыз Арстанбековичтин тапшырмасынын негизинде бүгүн, 24.02.2026-жылы борбордук базарларда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүлүп, соодагерлер менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында баалар төмөнкүдөй экендиги аныкталды:
• Эт – 680 сомдон сатылууда.
• Картошка – 40 сомдон 50 сомго чейин.
• Пияз – 30 сомдон.
• Суу майы (1 литр) – 130 сомдон 150 сомго чейин.
• Жумуртка – 13 сомдон.
• Кумшекер (1 кг) – 78 сомдон.
• Сүт (1 литр) – 50 сомдон.
Мындан тышкары, жергиликтүү эт сатуучу жайлар этти мурдагы тартипте жана көрсөтүлгөн баада сатуу иштерин улантышат.
Азык-түлүккө болгон бааларга көзөмөл жүргүзүү иштери мындан ары да туруктуу негизде улантылат.



