Советтик Армиянын Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Эскерүү иш-чарасы «Сулайманов Мухтарбек атындагы Жеңиш» аянтында өтүп, ага район башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, Ооган согушунун ардагерлери жана аскер кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө согуштан кайтпай калган жана каза болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, алардын жаркын элеси эскерилди.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев сөз сүйлөп, Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбасын белгиледи. Ошондой эле райондун Баш-Имам-Хатиби согушта курман болгон аскерлердин арбагына багыштап куран түшүрдү.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




