Алай районунун тарыхы

Алай аймагы Эл аралык мааниге ээ Улуу Жибек жолунда жайгашып, 1908-жылы Туркестан Генерал-губернаторлугу тарабынан Алай-Гүлчө волосу болуп түзүлгөн.

1928-жылы 22-декабрда Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитетинин жана СНК РСФСР токтомунун негизинде Алай району түзүлгөн. 1931-жылы Кыргыз АССРнин Ош округунда Алай районунун борбору Гүлчө-Гузар деп аталган. 1935-жылы Алай-Гүлчө району болуп өзгөртүлгөн. 1937-жылы район төрт районго бөлүнгөн: Алай, Гүлчө, Совет, Чоң-Алай. 1958-жылы кайра бириктирилип Алай району болуп түзүлгөн. 1992-жылы Чоң-Алай өзүнчө район болуп бөлүнүп чыккан.

Райондун аймагы аркылуу Ош-Сары-Таш-Эркештам Эл аралык автомобиль жолу (350 км) өтөт.

Экономиканын негизги тармагы — мал чарбачылыгы. Памир-Алай айыл аймагында Талды-Суу айылында көмүр кени иштеп жатат. Гүлчө дарыясында жана башка жерлерде чакан ГЭСтер курулууда.

Социалдык объекттер — мектептер, бала бакчалар, маданият үйлөрү, спорт залдар, оорукана жана парктар курулуп өнүгүүдө.

Союз таркагандан кийин Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация түзүлгөн.

Административдик-аймактык реформага чейин районде 14 айыл аймагы болсо, учурда 7 айыл аймагы ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Маанилүү окуялар

  • 1989-жылы белгилүү кинорежиссер Д.Садырбаевдин "Ак баранын көз жашы" кинофильми тартылган.
  • 1991-жылы Курманжан Датканын 180 жылдык мааракеси өткөрүлүп, Гүлчө айылында музейи ачылган.
  • 2011-жылы Алымбек Датканын 210 жылдыгы жана Курманжан Датканын 200 жылдыгы белгиленген.
  • 2004-жылы Сары-Могол айылындагы этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына өткөрүлгөн.
  • 2019-жылы Памирлик кыргыздар Талды-Сууга көчүрүлүп келген.

Көрүнүктүү инсандар

Генерал Ы.Монуев, Ади Кожоев, Алымбек Датка жана анын уулдары, Курманжан Датка, Б.Нарматов, Академик М.Адышев, К.Жусубалиев, К.Сактанов, С.Жетимишов, К.Апаитова, К.Боронов, К.Осмонов, С.Балтаева, Б.Бокоева, З.Кадырбекова, Ө.Козуев.

Социалисттик эмгектин баатырлары

Кадырмамат Султанов, Гүлбара Ормонова, Рысбай Жапышев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары

Б.Аматов, И.Жусубалиев, И.Исаков, А.Келдибеков, А.Калмаматов, М.Султанов, А.Келдибеков, Н.Айдаров, С.Айдаров, Б.Ибраимжанов, Ж.Калмаматов, Н.Мадалиев, Б.Мамырова, Н.Нарматова, А.Маматалиев, А.Кутушов, К.Туманов, Т.Туманов, М.Кадырбекова, У.Примов, Т.Сарыбашов, Д.Ашимова, Ж.Акаев, М.Маматалиев, Б.Эргешов, Э.Айдаралиев.