Урматтуу апалар жана айымдар!

Сиздерди 8-Март — Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Аялзаты — үй-бүлөнүн куту, коомдун тиреги, мээримдүүлүктүн жана сулуулуктун символу. Сиздердин эмгегиңиздер, акылмандыгыңыздар жана сабырдуулугуңуздар менен коомубуз өнүгүп, келечек муун тарбияланып келет.

Бул майрам күнү сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, ар бир күнүңүздөр кубанычка жана жакшылыктарга толо берсин!

Терең урматтоо менен,

Чынгыз Бапаев