Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Бул майрам – мекенибиздин тынчтыгы менен коопсуздугун сактап, эл-жердин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөп жаткан жана өтөгөн жоокерлерге, ардагерлерге болгон терең урмат-сыйдын белгиси. Сиздердин кайраттуулугуңуздар, мекенчилдигиңиздер жана жоопкерчилигиңиздер мамлекетибиздин бекемдигинин негизи болуп саналат.
Ата Мекенибиздин келечеги үчүн ак ниет эмгек кылып, өлкөбүздүн тынчтыгын сактоодо кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым элибиздин ишенимин актап, Ата Мекенибиздин даңкын арттыра бериңиздер!
Урматтоо менен,
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев

