Сиздерди бүгүнкү 5-март кыргыздын улуттук баш кийимдеринин бири болгон Ак калпак күнүңүздөр менен чын дилимден кызуу куттуктаймын!
Ак калпак бул-кыргыз жигиттерине сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп, эң негизгиси ак калпагы менен ар дайым бийик экенин даңазалайт.
Кыргыз эли байыртадан баш кийим аркылуу аны кийип жүргөн адамдын жаш курагын, коомдогу оордун, статусун айтып беришкен. Ал эми ак калпак Кыргыздын Тоого жакын, ниети ак, мүнөзү курч жана бийиктикте турган эл экенин сүрөттөп берет.
Ак калпак майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге чын ден-соолук, бакутбат жашоо, элибизде-жерибизде тынчтык болуп, мамлекетибиз өнүгө берсин дайыма.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев.

