Алай районунда Энелер күнү белгиленди

2025-жылдын 18-май күнү Алай районунда “Энелер күнү” белгиленип, ага райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Чыңгыз Бапаев, айыл өкмөт башчылары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аким өз куттуктоосунда энелердин коомдогу орду, эмгеги жана үй-бүлөдөгү ролу тууралуу сөз кылып, төмөнкүдөй ойлорду бөлүштү: «Жадыраган жаздын күнүндө, майрамдарга толгон май айында, Энелер күнү – бул өзгөчө толкунданууну жараткан майрам. […]