Президент Садыр Жапаров Алымбек Датканын 225 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты. Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана кыргыз элин бириктирүүгө зор салым кошкон атактуу тарыхый инсан Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата өттү. Мамлекет башчысын Гүлчө айылында […]