2026-жылдын 18-февраль күнү, Гүлчө шаарындагы 67-кесиптик техникалык лицейинде Алай районунун прокуратурасынын аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

2026-жылдын 18-февраль күнү, Гүлчө шаарындагы 67-кесиптик техникалык лицейинде Алай районунун прокуратурасынын, 67-кесиптик техникалык лицейинин жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен аталган окуу жайдын окуучуларынын, мугалимдеринин, устаттарынын жана ата-энелердин катышуусунда “Биз-зомбулуксуз келечек үчүн” – деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада окуу жайдын окуучуларынын аткаруусунда зордук-зомбулуктун түрлөрү, зордук-зомбулукту жаш өспүрүмдөргө тийгизген таасири, анын кесепеттери туурасында даярдалган көрүнүштөр чагылдырылып, видео-роликтер көрсөтүлдү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Алай районунун прокуратура кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо, тууралуу айтылып, жашы жете электер арасындагы, үй-бүлөдөгү жасалган зордук-зомбулук аракеттерине карата мыйзамда каралган чаралар жана жоопкерчиликтер тууралуу түшүндүрүлүп, окуучулардын зордук-зомбулук маселеси боюнча суроолоруна жооптор берилди.