Иш-чарада социалдык паспорт менен иштөө, айыл өкмөттөрдөгү жакырчылыктын деңгээлин аныктоо, 2026-жылга карата социалдык контракттарды берүү, азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына, “Бала Береке” жөлөкпулдарынын берилиши боюнча кеңири маалыматтар угулду.
Семинар-кеңешмеге Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат боюнча орун басары Канатбек Матаев, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, Гүлчө шаардык мэриясынын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана тиешелүү мекеме-уюмдардын адистери катышты.
Катышуучуларга социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн иш-аракеттери, 2026-жылга карата бөлүнгөн квоталар, азык-түлүк программасынын алкагында коомдук жумушка тартылган жарандарга көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга көрсөтүлүп жаткан кошумча мамлекеттик колдоолор боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Семинар-кеңешме суроо-жооп, пикир алмашуу жана талкуулар менен жыйынтыкталды.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




