Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын өттү
Бүгүн Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга район акими Чынгыз Бапаев, коллегия мүчөлөрү, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты. Коллегиялык жыйындын күн тартибине “Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын I кварталына коюлган милдеттер жөнүндө” маселе каралды. Күн тартибиндеги маселе боюнча райондук мамлекеттик […]
2026-жылдын 22-январында Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясында социалдык коргоо, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо маселелерине арналган семинар-кеңешме болуп өттү.
Иш-чарада социалдык паспорт менен иштөө, айыл өкмөттөрдөгү жакырчылыктын деңгээлин аныктоо, 2026-жылга карата социалдык контракттарды берүү, азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына, “Бала Береке” жөлөкпулдарынын берилиши боюнча кеңири маалыматтар угулду. Семинар-кеңешмеге Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат боюнча орун […]