2026-жылдын 22-январында Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясында социалдык коргоо, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо маселелерине арналган семинар-кеңешме болуп өттү.
Иш-чарада социалдык паспорт менен иштөө, айыл өкмөттөрдөгү жакырчылыктын деңгээлин аныктоо, 2026-жылга карата социалдык контракттарды берүү, азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына, “Бала Береке” жөлөкпулдарынын берилиши боюнча кеңири маалыматтар угулду. Семинар-кеңешмеге Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат боюнча орун […]