ЭЛДИК ЖЫЙЫН УЛАНУУДА

Бүгүн, Алай районунун Үч-Дөбө-Алай, Жибек-Жолу айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн маанилүү маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер жеринде чечилсе, кээ бирлери район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы