ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЛАНУУДА

Бүгүн, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев райондук жетекчилер менен биргеликте Памир-Алай айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тургундар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн орчундуу маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы