КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

Салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды. Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу башталганын маалымдайт. Декларация тапшыруу мөөнөттөрү: 2026-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылат: Кыргыз Республикасынын уюмдары (айрым бюджеттик уюмдардан тышкары); КР аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер; БШК, Сот адилеттиги […]