Бүгүн, Памир-Алай айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев менен биргеликте айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар катышкан иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган төрт заманбап техниканын ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Алар: Zoomlion RN1104 үлгүсүндөгү трактор; XCMG XE150WB үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү экскаватор; XCMG GR1905T үлгүсүндөгү автогрейдер; Таштанды чыгаруучу автоунаа. Бул […]