Алай районунда имамдар менен түшүндүрүү жыйыны өттү

Бүгүн Алай районунун борбордук мечитинде райондогу айыл имамдары менен түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын, 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгынын, 2024-жылдын 22-февралындагы №53 Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтомунун талаптарын ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу жана […]
Алай районунда облустук волейбол мелдеши өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Алай райондук спорт мектебинин календардык планынын негизинде уюштурулган облустук деңгээлдеги кыздар арасында волейбол мелдеши өткөрүлүүдө. Аталган мелдеш Аданбаев Темирлан Кыялбековичтин атынан 22 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп, жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга, сергек жашоо образын калыптандырууга жана райондор аралык […]
ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ УЛАНУУДА

Бүгүн, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев райондук жетекчилер менен биргеликте Памир-Алай айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тургундар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн орчундуу маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы
ЭЛДИК ЖЫЙЫН УЛАНУУДА

Бүгүн, Алай районунун Үч-Дөбө-Алай, Жибек-Жолу айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн маанилүү маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер жеринде чечилсе, кээ бирлери район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы
Алай районунда элдик жыйын өттү

Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагында элдик жыйын уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү ачык талкууланды. Жыйынга район акими Чынгыз Бапаев, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алгач 2025-жыл ичинде район аймагында аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, андан соң тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди көтөрүп, сунуш-пикирлерин жана сын көз караштарын билдиришти. Район башчысы […]