Ишкерлердин укуктарын коргоо – прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

УРМАТТУУ АЛАЙ РАЙОНУНУН ИШКЕРЛЕРИ! Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ишкердик субъекттеринин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу боюнча чараларды көрөт. ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: ТЕКШЕРҮҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛУУ (МОРАТОРИЙ) КИРГИЗИЛДИ. Кыргыз Республикасынын Президентинин 28.01.2026-жылдагы №18 “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартиптеги ишкердик субъекттерине карата […]