Урматтуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү 5-март кыргыздын улуттук баш кийимдеринин бири болгон Ак калпак күнүңүздөр менен чын дилимден кызуу куттуктаймын! Ак калпак бул-кыргыз жигиттерине сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп, эң негизгиси ак калпагы менен ар дайым бийик экенин даңазалайт. Кыргыз эли байыртадан баш кийим аркылуу аны кийип жүргөн адамдын жаш курагын, коомдогу оордун, статусун айтып беришкен. Ал эми ак […]
Кыргыз Республикасынын Туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди
3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнү жана 5-март – Ак калпак күнү Алай районунда салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. Майрамдык салтанатта район башчысы Чынгыз Бапаев жалпы райондун тургундарын бул маанилүү майрамдар менен куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик Туу – эгемендүүлүгүбүздүн жана […]
ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ
Бүгүн, Алай районунун Тилектеш, Курманжан датка айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн маанилүү маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер жеринде чечилсе, кээ бирлери район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы