Алай районуна жаңы аким дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бүгүн, 9-март күнү Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жаңы дайындалган акимди тааныштырып, ишине ийгилик каалады. __________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы