ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

648176032 1325624029405199 9066337551761933667 n

Бүгүн, Алай районунун Тилектеш, Курманжан датка айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн маанилүү маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Айрым маселелер жеринде чечилсе, кээ бирлери район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Бүгүн Гүлчө мэриясына “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган 2 жаңы жүргүнчү ташуучу автобус тапшырылды.

647689024 1324767476157521 887294794903139947 n

Аталган автобустарды Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев тапшырып, бул кадам элге ыңгайлуу шарт түзүү, коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Бул автобустар Гүлчө шаарында каттамдарды тейлейт жана тургундардын күнүмдүк жүрүүсүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт. _______________________ Алай райондук мамлекеттик администрациясы

Бүгүн Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясында райондун калкынын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

643753400 1324070456227223 8632488687031920761 n

Кеңешмеге Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, координациялык кеңешмесинин төрагасы Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана жооптуу кызматкерлери, Алай райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун директору, БМСЖ боюнча директордун орун басары, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышышты. Күн […]

Алай районунда саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүлдү

Бүгүн, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Алай райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна тез жардам унаасы тапшырылды. Иш-чарага район башчысы-аким Чынгыз Бапаев катышып, медициналык кызматкерлерди куттуктап, бул унаа райондун элине ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Аким өз сөзүндө саламаттык сактоо тармагын колдоо калктын бакубат жашоосунун маанилүү шарттарынын […]

Ишкерлердин укуктарын коргоо – прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

УРМАТТУУ АЛАЙ РАЙОНУНУН ИШКЕРЛЕРИ! Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ишкердик субъекттеринин укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана бизнеске мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу боюнча чараларды көрөт. ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: ТЕКШЕРҮҮЛӨРГӨ ТЫЮУ САЛУУ (МОРАТОРИЙ) КИРГИЗИЛДИ. Кыргыз Республикасынын Президентинин 28.01.2026-жылдагы №18 “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартиптеги ишкердик субъекттерине карата […]