Бүгүн, 7-март күнү Гүлчө шаарында Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөр айтылып, айымдарга белектер тапшырылды.
Ошондой эле Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры тарабынан коюлган «Алтын эшик» спектакли жана концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!




