...

ГҮЛЧӨ — РАСМИЙ ТҮРДӨ ШААР

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-октябрындагы №212 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Гүлчө айыл аймагы шаар макамына ээ болду.

Бул маанилүү тарыхый окуяга арналган жыйын бүгүн Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп өттү. Иш-чарага мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары, аксакалдар жана Гүлчө шаарынын тургундары катышышты.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Администрациялык-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнун башчысы Венара Исалиева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Жанузак Сарытаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев катышып, Гүлчө шаарына макам ыйгарылышынын маанисине токтолушту.

Жыйындын соңунда катышуучулар Гүлчө айылына кире бериштеги “Гүлчө шаары” стелласынын ачылыш аземине катышып, аймакка жаңы техникалар тапшырылды.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.