Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомунун негизинде 2026-жылга карата районубузга 372 квота бөлүнгөн.Азыркы учурда 150 жаран “Финансылык сабаттуулук” бизнес-планды өркүндөтүү боюнча окуутулар өткөрүлдү. Айыл өкмөттүн жана убактылуу райондук комиссия тарабынан тандалып алынган 139 үй-бүлөнүн долбоорлору жактырылып аларга 150 000 сомдон сертификаттарга ээ болушту.
Бүгүнкү иш-чарада Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу катышып, жарандарга сертификаттар тапшырылды.
Бул колдоо жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




