Аталган иш-чарада Алай району прокуратура кызматкерлери мыйзам талаптарынын сакталышы тууралуу түшүндүрмө беришти.

Алай району прокуратурасы, Алай райондук билим берүү бөлүмү, Алай райондук эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Тилектеш айыл өкмөтү менен биргеликте Алай районунун Корул айылында жайгашкан А.Бекташов атындагы орто мектебинде ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда зордук-зомбулуктун, балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, эрте никеге туруу, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, суицид маселелери, көйгөйлөрү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Алай району прокуратура кызматкерлери мыйзам талаптарынын сакталышы тууралуу түшүндүрмө беришти.

Мектептин окуучулары жана мугалимдер жамааты “Бактылуу коом – зордук зомбулуксуз келечек” аталышта сахналаштырылган көрүнүштү уюштуруп көрсөтүштү.