Иш-чарада Чынгыз Бапаевдин жетекчилик мезгилинде райондо бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, калкты түйшөлткөн маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келгендиги жогору бааланды. Анын райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы белгиленип, “Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана район аксакалдары Чынгыз Бапаевге аткарган эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиришип, райондун өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилешти.
Иш-чаранын соңунда ага жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, ак жол тилешти.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы


