Бүгүн, Алай районунун Тилектеш, Курманжан датка айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Көтөрүлгөн маанилүү маселелердин айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Айрым маселелер жеринде чечилсе, кээ бирлери район башчынын көзөмөлүндө болоору баса белгиленди.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




