Иш сапардын алкагында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев менен биргеликте айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар катышкан иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган төрт заманбап техниканын ачкычы расмий түрдө тапшырылды. Алар:
Zoomlion RN1104 үлгүсүндөгү трактор;
XCMG XE150WB үлгүсүндөгү дөңгөлөктүү экскаватор;
XCMG GR1905T үлгүсүндөгү автогрейдер;
Таштанды чыгаруучу автоунаа.
Бул техникалар айыл аймагындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого, коммуналдык кызматтарды жакшыртууга жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Талды-Суу айылындагы Кызыл-Суу дарыясынын үстүнө жаңыдан курулган көпүрөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көпүрөнүн узундугу 54 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.
Көпүрөнүн негизги максаты — айыл тургундарынын коопсуз каттамын камсыз кылуу, жайыттарды жана айыл чарба багытындагы аймактарды пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы





