Кыргыз Республикасынын Туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди

3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынган күнү жана 5-март – Ак калпак күнү Алай районунда салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев, мекеме-ишкана жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Майрамдык салтанатта район башчысы Чынгыз Бапаев жалпы райондун тургундарын бул маанилүү майрамдар менен куттуктады. Ал өз сөзүндө мамлекеттик Туу – эгемендүүлүгүбүздүн жана мамлекеттүүлүгүбүздүн символу экенин белгиледи.

Ошондой эле улуттук баш кийимибиз болгон ак калпак кыргыз элинин улуу муундан калган баалуу мурасы экенин, ал кыргыз жигиттеринин сыймыгы жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган символ экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы ак калпактын тарыхы жана анын мааниси тууралуу маалыматтар менен таанышты.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы