Бүгүн Гүлчө мэриясына “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу келишимдик негизде сатып алынган 2 жаңы жүргүнчү ташуучу автобус тапшырылды.

647689024 1324767476157521 887294794903139947 n

Аталган автобустарды Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев тапшырып, бул кадам элге ыңгайлуу шарт түзүү, коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында жасалып жатканын белгиледи.

Бул автобустар Гүлчө шаарында каттамдарды тейлейт жана тургундардын күнүмдүк жүрүүсүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы