Алай районунда саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүлдү

Бүгүн, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын демилгеси жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Алай райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна тез жардам унаасы тапшырылды.

Иш-чарага район башчысы-аким Чынгыз Бапаев катышып, медициналык кызматкерлерди куттуктап, бул унаа райондун элине ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Аким өз сөзүндө саламаттык сактоо тармагын колдоо калктын бакубат жашоосунун маанилүү шарттарынын бири экенин айтып, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы