Салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды.
Мамлекеттик салык кызматынын Алай району боюнча башкармалыгы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу башталганын маалымдайт.
Декларация тапшыруу мөөнөттөрү:
2026-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылат:
Кыргыз Республикасынын уюмдары (айрым бюджеттик уюмдардан тышкары);
КР аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
БШК, Сот адилеттиги боюнча кеңеш жана Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү;
мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жетекчилери жана орун басарлары.
2026-жылдын 1-майына чейин тапшырылат:
жеке ишкерлер (айрым режимдегилерден тышкары);
эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелеринде иштеген КР жарандары;
киреше салыгы кармалбаган киреше алган жеке жактар. Тапшыруу тартиби:
Бирдиктүү салык декларациясы электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу тапшырылат:
Милдеттүү декларациялоого кирбеген жарандар БСДны ыктыярдуу түрдө, анын ичинде мурда кармалган киреше салыгын кайтарып алуу үчүн да тапшыра алышат.
Маалымат алуу үчүн:
116

