Бүгүн Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясында райондун калкынын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Кеңешмеге Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, координациялык кеңешмесинин төрагасы Алтынбек Болбур уулу, Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана жооптуу кызматкерлери, Алай райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун директору, БМСЖ боюнча директордун орун басары, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышышты.

Күн тартибинде Алай районунун аймагында вирустук гепатиттин “А”, “В”, “С” түрлөрүнүн 2023–2024–2025-жылдар аралыгындагы катталышы, эпидемиологиялык абалы жана гепатит “В” оорусуна каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө иштери тууралуу маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү адистер тарабынан маалымат берилип, оорунун алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана эмдөө камтуусун жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга алдын алуу иш-чараларын активдештирүү жана санитардык-агартуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы