Алай районунда имамдар менен түшүндүрүү жыйыны өттү

Бүгүн Алай районунун борбордук мечитинде райондогу айыл имамдары менен түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин

▪️ 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын,

▪️ 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгынын,

▪️ 2024-жылдын 22-февралындагы №53 Мыйзамынын,

ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 токтомунун талаптарын ишке ашыруу алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Алтынбек Болбур уулу жана Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан Бообеков катышып, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тартиби, үй-бүлөлүк салтанаттардагы ысырапкерчиликти азайтуу, диний жөрөлгөлөрдү тартипке келтирүү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйындын жүрүшүндө маркумду акыркы сапарга узатууда белгиленген тартиптерди так сактоо, ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө, эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.

_______________________

Алай райондук мамлекеттик

администрациясы