Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагында элдик жыйын уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү ачык талкууланды.
Жыйынга район акими Чынгыз Бапаев, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө алгач 2025-жыл ичинде район аймагында аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, андан соң тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди көтөрүп, сунуш-пикирлерин жана сын көз караштарын билдиришти.
Район башчысы ар бир сунуш-пикир, көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетин көрөрүн белгилеп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
_______________________
Алай райондук мамлекеттик
администрациясы




